7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ветеринардык кызматтын жетекчиси 10,5 миң доллар пара алууга шектелип кармалды

517

Ветеринардык кызматтын жетекчиси 10,5 миң доллар пара алууга шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдирди.

Арыз ээси М.А. этап-этабы менен 6 миң жана 3 миң АКШ доллары өлчөмүндөгү акча каражатын С.Ж.га өткөрүп берген. Андан ары С.Ж. арыз ээсинин маселесин оң жагына чечүү максатында андан 2 миң АКШ доллары өлчөмүндөгү сумманын калдыгын талап кылган.

16-ноябрда С.Ж. 1500 АКШ доллары өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.

Учурда бул коррупциялык ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо жана жоопкерчиликке тартуу иштери жүрүп жатат.

Арыз ээси кытайлык компаниянын өкүлү экени, ал быйыл жайында Ветеринардык кызматтын реестрине компаниясын каттоо учурунда жетекчи пара талап кылганы айтылды.

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

518