7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ноокатта бир катар милиция кызматкерлери пара менен кармалды

344

Ноокат районунун Көк-Жар айылдык милиция бөлүмүнүн бир катар пара алган кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдирди.

20-ноябрда Ноокат РИИБдин Көк-Жар айылдык милиция бөлүмүнүн башчысы милициянын майору А. уулу Т. кызматтык кабинетинде кол алдында иштегендерден акча алып жатканы боюнча тартылган видео жарыяланган.

Бул факты боюнча ИИМдин Ички иликтөө кызматы алдын ала текшерүү жүргүзүп, Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренесинде («Адамдардын тобу тарабынан пара алуу») каралган кылмыш курамынын белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.

Тергөөнүн жүрүшүндө Ош облусунун Ноокат РИИБдин беш участкалык ыйгарым укуктуу өкүлдөрү М. у Ш., Н.З., М.А., М. у Б., Х. у Т. кармалган. Ошондой эле Ноокат РИИБдин Көк-Жар айылдык милиция бөлүмүнүн нөөмөтчүсүнүн жардамчысы М.Н. кармалды.

Кармалгандардын баарына тең пара алууга шериктеш болгон деген айып тагылып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Соттун чечими менен кармалгандардын баарына бөгөт коюу чарасы камакка алуу түрү тандалды. Учурда тергөө иштери уланууда.

 

 

345