Ноокенде өспүрүм кыздарын сөйкөсүн чечип кетип жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Ноокен райондук ички иштер бөлүмүнө Кочкор-Ата шаарынын 31 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Ал өз арызында 19-май күнү саат болжол менен 13:00 чамасында 11 жаштагы кызы мектептен үйүнө бараткан учурда азиат келбетиндеги жашы болжол менен 30-35 чамасындагы белгисиз киши, алдоо жолу менен кулагындагы 12 миң сомдук сөйкөсүн чечип алып кетип калгандыгын билдирген.
Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине (КЖБР) Жазык кодексинин 201-беренеси (Тоноо) менен катталып, Ноокен РИИБси тарабынан сотко чейинки өндүрүш ачылган. Натыйжада мурда бир нече ирет соттолгон Базар-Коргон районунун тургуну 1981-жылы туулган М.У. кармалган.
«Бул аталган жарандын башка дагы кылмыштарга тиешеси бар экени аныкталды. Анын ичинде Ноокен районунун аймагында 4, Сузакта 2, Өзгөн районунда 2 жаш өспүрүм кыздардын алтын сөйкөлөрүн чечип алып изин жашырып кеткендиги боюнча маалыматтар билинди. 25-май күнү шектүү КРнын ЖПКнин 98-беренесинин негизинде 48 саатка Ноокен РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда анын башка кылмыш иштери боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүүдө», — деп берилет маалыматта.