Экс-мэр Азиз Суракматов УКМКнын Бишкектеги башкармалыгына 26-майда суракка чакырылган. Сурактан кийин ал 48 саатка УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилгени айтылууда. Бирок УКМК бул багытта азырынча расмий маалымат бере элек.
Алдын ала маалыматтарга ылайык, мурдагы калаа башчы Суракматов Бишкек шаарындагы жер тилкелерине байланыштуу чакырылган.
Белгилей кетсек, Азиз Суракматов 2018-жылдын август айында Бишкек шаарынын мэри болуп дайындалган. 2020-жылдын октябрь айындагы саясий көтөрүлүштөн кийин кызматтан алынган.