Мурдагы премьер-министр Темир Сариев Кумтөргө байланыштуу сурак берүүдө. Бул тууралуу Бактыбек Мелисбеков аттуу Фейсбук колдонуучусу жазды.
«Темир Сариев 4 сааттан бери УКМКда суракта отурат. Сурака Кумтөр иши боюнча чакыртылган», — деп жазган ал.
Белгилей кетсек, кечээ 26-майда экс-мэр Азиз Суракматов дагы суракка чакырылып, 24 саатка камакка алынганы белгилүү болгон.
Эскерте кетсек, парламентте депутат Акылбек Жапаров Кумтөр маселеси боюнча мурдагы президенттер менен премьер-министрлерди айыптаган. Тактап айтканда, Темир Сариев премьер-министр болуп турган учурунда «Центерра» 6 миллиард 698 миллион 900 миң сомго доого жыгылган, бирок ал каражат алынган эмес. Бирок Сариев өзү бул маалыматты четке каккан.