7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Нотариат жөнүндө» Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди 

402

Президент Садыр Жапаров «Нотариат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Аталган Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2024-жылдын 25-апрелинде кабыл алынган.

Мыйзам жеке нотариалдык иш жүргүзүү укугуна лицензияларды берүүдө жана жокко чыгарууда гумандаштырууну ишке киргизүү максатында иштелип чыккан.

Кабыл алынган Мыйзам менен «Нотариат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилет:

1) 4-берененин 8-бөлүгүнүн 5-пункту жаңы редакцияда баяндалган, ага ылайык мурда атайылап кылмыш жасаган, ал боюнча соттуулугу алып салынганына же жоюлганына карабастан, же ага карата оор жана өзгөчө оор кылмыштар боюнча реабилитациялоочу жагдайга кирбеген негиздер менен кылмыш куугунтуктоосу кыскартылган адам Кыргыз Республикасынын нотариусу боло албайт;

2) 17-берененин 1-бөлүгүнүн 4–7-пункттарына өзгөртүүлөр киргизилет, аларга ылайык лицензиянын колдонулушун токтото туруу Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги (мындан ары – Юстиция министрлиги) тарабынан анын ичинде төмөнкү учурларда жүргүзүлөт:
– жеке нотариустардын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн зарыл маалыматтардын өзгөргөндүгү жөнүндө 30 күндүн ичинде Юстиция министрлигине маалыматтарды бербегендик – бир айга чейинки мөөнөткө;
– жеке нотариус нотариалдык иш-аракеттерди жасоо тартибин же нотариустун ишин текшерүүнүн натыйжалары боюнча нотариалдык ишти жөнгө салуучу башка ченемдик укуктук актыларды бузгандыгы – Нотариалдык палата белгилеген тартипте квалификацияны жогорулатуу боюнча кошумча окуудан өтүү мезгилине;
– жеке нотариустун кесиптик этикасынын кодексин бузуу, Нотариалдык палатанын сунушу боюнча – бир айга чейинки мөөнөткө;
– архивдик документтерди кагаз жана электрондук (санариптештирилген) түрдө нотариалдык архивге мөөнөттү 30 календардык күнгө чейин бузуу менен тапшыруу – бир айга чейинки мөөнөткө;

3) 18-берененин 3-бөлүгүнүн 2-пункту жаңы редакцияда баяндалган, ага ылайык лицензияны кайра чакырып алуу анын ичинде мурда атайылап кылмыш жасаган, ал боюнча соттуулугу алып салынганына же жоюлганына карабастан, же ага карата оор жана өзгөчө оор кылмыштар боюнча реабилитациялоочу жагдайга кирбеген негиздер менен кылмыш куугунтуктоосу кыскартылган адамга карата кылмыш ишин жана/же кылмыш куугунтуктоосун кыскартуу жөнүндө токтомдун болушу негиздер боюнча жүргүзүлөт;

4) 29-берененин 2-бөлүгүнүн биринчи сүйлөмү жаңы редакцияда баяндалган, ага ылайык жеке нотариустардын документтердин долбоорлорун даярдоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрү жана башка кызмат көрсөтүүлөрү үчүн акынын өлчөмү Нотариалдык палата менен макулдашуу боюнча Юстиция министрлиги тарабынан бекитилүүчү Нотариалдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн акынын өлчөмүн аныктоо методикасы менен аныкталат.

 

 

403