Ырчы Нурайым Акылбекова кыргыз элине кайрылуу жолдоп, башка мамлекеттерге караганда эркиндикте жашаарын айтты. Ошондой эле, туристтердин өлкөгө келиши мамлекеттин экономикасына зор салым кошорун белгилеп кеткен.
«Эч ким эч кимге тийишпейт, көчөдө милиция деле баспайт. Биз билген Кореяда көчөдөгү бир кызга бир мырза суроо узатып, 2 мүнөттөн ашып кетсе милиция кармап кетет. Кытайда бир адам жыгылып же чөгүп баратса да, ага эч ким тийбеш керек. Башка мамлекетте ар бир сим-картага патент төлөйт. Ал эми Тажикстандын кээ бир жерлеринде 8ден кийин свет күйгүзбөйт экен. Биз эркин мамлекетпиз, бизге баары суктанышат. Биздегидей арзанчылык башка өлкөдө жок… Ал эми, туристтер тоолорубузду көргүсү келет. Ошондуктан биз да башка өлкөгө барабыз, бизге да сылык мамиле кылышын каалайбыз. Бизге туристтердин келгени жакшы, экономикабызга дагы пайдалуу, таанылабыз. Айтор, баары жакшы болот!»,- деди ал.