Жаӊы депутат Нурбек Мурашев парламентте ант берип, өзүнүн ыйгарым укуктарын аткарууга киришти. Бул тууралуу парламенттин жыйынында билдирди.
Маалыматка ылайык, Жогорку Кеӊеш жыйынында «Бир Бол» саясий партиясынын тизмеси боюнча жаӊыдан депутат болгон Мурашев Нурбек Мурпазылжанович ант берип, өзүнүн депутаттык ыйгарым укуктарын аткарууга киришти.
Ал депутаттык ыйгарым укуктары өз каалоосу боюнча мөөнөтүнөн мурда токтотулган Исхак Пирматовдун ордуна келди. Жогорку Кеӊештин Төрагасы Талант Мамытов Нурбек Мурашевди жалпы депутаттардын атынан эл өкүлү болушу менен куттуктап, анын мындан аркы ишинде ийгиликтерди каалады.
Белгилей кетсек, мыйзамга ылайык, жаӊы депутат парламентте ант берген соӊ, өзүнүн депутаттык ыйгарым укуктарын расмий түрдө аткарууга киришет.