7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Нурдан Орунтаев Бишкектеги 12 мектептин курулушун текшерди

3

Нурдан Орунтаев Бишкек шаарында курулуп жаткан билим берүү мекемелеринин курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Маалыматка ылайык, текшерүү Октябрь жана Ленин райондорунда жайгашкан, курулушу ушул жылдын башында башталган 12 мектепте жүргүзүлдү. Министр курулуштун сапатын, жумушчулардын санын, иштин жүрүү темпин жана белгиленген графиктин аткарылышын көзөмөлгө алды. Ошондой эле колдонулуп жаткан курулуш материалдарынын сапатына өзгөчө көңүл бурулду.

Текшерүүнүн жүрүшүндө айрым объектилерде курулуш иштеринин темпи жай экени жана жумушчу күчүнүн жетишсиздиги аныкталган. Буга байланыштуу тиешелүү подряддык уюмдарга эскертүүлөр берилип, табылган кемчиликтерди жоюу боюнча мөөнөттөр белгиленди. Министр бардык объектилерде курулуштун сапаты жана белгиленген мөөнөттөрдүн так сакталышы өзгөчө көзөмөлдө болорун белгиледи.

Белгилей кетсек, өлкө башчысынын тапшырмасына ылайык, учурда Бишкек шаарында республикалык бюджеттин эсебинен жалпы 20 билим берүү объектиси курулуп жатат. Алардын алтоосу Октябрь районунда, алтоосу Ленин районунда, бешөө Биринчи май районунда жана үчөө Свердлов районунда жайгашкан.

4