7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сооронбай Жээнбеков: Мени эч ким коркуткан эмес, кызматымды өз чечимим менен тапшыргам

121

Экс-президент Сооронбай Жээнбеков саясатчы Азимбек Бекназаровдун «президенттик кызматтан кетүү арызын Камчыбек Ташиев коркутуп жаздырган» деген билдирүүсүн четке какты. Анын айтымында, кызматтан кетүү чечими Садыр Жапаров менен он күндүк сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында кабыл алынган.

 Саламатсызбы, Сооронбай Шарипович!

 Саламатчылык!

 Бул «Кабар» агенттигинин жетекчиси Медер Шерметалиев тынчыңызды алып жатат. Саясатчы Азимбек Бекназаров жергиликтүү медиалардын бирине берген маегинде “Сооронбай Жээнбековдун президенттик кызматтан кетүү арызын Камчыбек Ташиев коркутуп жаздырып алган” дептир. Ушул боюнча сиздин комментарий?

 Мени эч ким коркуткан эмес. Мен ал кездеги премьер-министр Садыр Жапаров менен он күн бою сүйлөшүп жатып, экөөбүздүн ошол сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында президенттик кызматымды тапшыргам. Аны элдин баары билет.

Азимбек Бекназаровбу же башкасы болобу “Жээнбековду Ташиев коркутуп арыз жаздырган” десе ал болгону ойдон токулган жомок, ошол кездеги кырдаалдан кабары жок адамдардын жалган пикири. Кандай максатта антип айтты мага түшүнүксүз.

Беш жылдан бери эч кимге комментарий бербей келем аны жакшы билесиңер. Мен муну ошол кездеги окуяларды ар ким ар кандай бурмалабасын деп гана айтып жатам. Рахмат!

 Сизге рахмат!

Булак: Кабар

122