7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өзбекстандын Премьер-министри Абдулла Арипов Кыргызстанга иш сапары менен келди

357

Ысык-Көл облусу, 2026-жылдын 22-июну — Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Арипов Кыргыз Республикасына жумуш сапары менен келди.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Өзбекстандын Премьер-министри Абдулла Ариповду “Ысык-Көл” эл аралык аэропортунан тосуп алды.

Белгилей кетсек, эртең 23-июнда Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев менен Өзбекстандын Премьер-министри Абдулла Ариповдун жетекчилигинде кыргыз-өзбек эки тараптуу кызматташуу боюнча биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиясынын тар жана кеңейтилген курамда 12-отуруму болот.

Жыйындардын алкагында эки тараптуу кызматташуунун маанилүү багыттары каралып, документтерге кол коюлат.

358