7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

ӨКМ: Музыкалык мектепке 23 миң сом айып салынды

259

Бишкек шаарындагы М. Абдраев атындагы музыкалык мектеп-интернатында өрт коопсуздугунун талаптарынын сакталышы текшерилип, бир катар мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Маалым болгондой,  Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Өрттү көзөмөлдөө кызматы жүргүзгөн текшерүүнүн жыйынтыгында өрт коопсуздугунун талаптарын бузуу фактылары белгиленген.

Укук бузуулар кодексинин негизинде окуу жайга 23 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Мындан тышкары, мекеменин жетекчилигине аныкталган кемчиликтерди белгиленген мөөнөттө жоюу боюнча милдеттүү көрсөтмөлөр берилип, өрт коопсуздугунун талаптарын сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

260