7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Курулуштагы чет элдик жумушчуларга көзөмөл күчөтүлөт

260

Бүгүн, 22-июнда Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү, укук коргоо органдарынын кызматкерлери жана курулуш компанияларынын жетекчилери менен жумушчу жыйын өткөрдү.

Маалым болгондой, жыйында курулуш объектилеринде эмгектенип жаткан чет элдик жарандардын каттоосу, мыйзамдуу ишмердүүлүгү, жүрүм-туруму жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуу маселелери каралды.

Министр чет өлкөлүк жумушчулардын документтери мыйзам талаптарына ылайык таризделип, өз убагында каттоодон өткөрүлүшү керектигин белгиледи. Ошондой эле курулуш аянтчаларында тартипти сактоо, мыйзам бузуулардын алдын алуу жана жоопкерчиликти күчөтүү боюнча талаптар коюлду.

Жыйындын жүрүшүндө курулуш компаниялары мамлекеттик органдар менен түз байланышта иш алып барууга, ал эми кооптуу жагдайлар жаралган учурда 102 кызматына ыкчам маалымат берүүгө чакырылды.

261