7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Нурланбек Шакиев: Жаңы гимн үчүн ачык, таза сынак өткөрөбүз

421

Жаңы мамлекеттик гимн кеңири коомчулуктун катышуусунда жазылат. Бул тууралуу бүгүн, 5-ноябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев журналисттер менен болгон жолугушууда билдирди.

Тагыраагы, гимнди өзгөртүү маселеси мурдатан айтылып келгени менен эч ким ачык айтып чыкпаганын белгилеген төрага: “Айтыла турган айрым кептерге жана сындарга карабай өзгөртүү маселесин демилгелеп чыктым. Жакынкы аралыкта атайын жыйын өткөрүп, мамлекеттик гимнди өзгөртүү маселесин карайбыз. Жаңы гимн үчүн ачык, таза сынак өткөрөбүз. Каалагандар гимндин тексттин жазсын. Башкысы гимнибиз элибизди алдыга сүрөп, өлкөбүздү даңазалап турушу зарыл. Ырдап жаткан ар бир кыргыз жараны эли үчүн, жери үчүн бардыгына даяр экендигин сезиши керек”, – деди.

Тагыраагы, азыркы гимндин тексттинде кемчиликтер бар экенин айткан төрага сөздөрдүн көпчүлүгү үчүнчү жак менен айтыларын мисал кылды. Муну менен катар гимндин жаңы текстти жалпы интеллегенция өкүлдөрүнүн, чыгармачыл инсандардын, окумуштуулардын жана башка кызыкдар тараптардын катышуусунда каралып, тандаларын кошумчалады.

422