Президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-ноябрда Бишкекте Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча массалык маалымат каражаттарына билдирүү жасады.
Мамлекет башчысынын сүйлөгөн сөзү:
“Урматтуу президент мырза, урматтуу массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү, айымдар жана мырзалар, бүгүн биз Түркиянын президенти урматтуу Режеп Тайып Эрдоган мырзаны Кыргыз Республикасына мамлекеттик сапары менен кабыл алып жатканыбызга өтө кубанычтабыз.
Мамлекеттик сапардын алкагында биз кымбаттуу бир тууганым менен бирге жемиштүү сүйлөшүүлөрдү өткөрдүк. Биздин жолугушуубуз элдерибиздин тарыхынын, маданиятынын, тилинин жана дининин жалпылыгына негизделген салттуу достуктун, урмат-сыйдын жана өз ара түшүнүшүүнүн духунда өттү.
Биздин сүйлөшүүлөрдүн негизги темаларынын бири – кыргыз-түрк кызматташтыгын жогорку деңгээлге чыгаруу болду.
Ошондой эле, Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы Стратегиялык кызматташтык боюнча Жогорку кеңешинин алтынчы жыйынын ийгиликтүү өткөрдүк. Жыйында эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктарын жогору баалап, өлкөлөрүбүздүн ортосундагы эки тараптуу стратегиялык жана бир туугандык мамилелердин учурдагы абалын жана аларды мындан ары кеңейтүүнүн жана тереңдетүүнүн келечегин карап чыктык.
Кеңири форматта орун алган жыйындын жүрүшүндө биз саясат, соода-экономика, билим берүү, маданий-гуманитардык жана аскердик чөйрөлөрдө кызматташуунун күн тартибинде турган бардык актуалдуу маселелерин талкууладык. Бул багытта биз Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк мамилелерин «Жалпы камтуучу стратегиялык өнөктөштүк» деңгээлине жогорулатуу жөнүндө чечим кабыл алганыбызды чоң канааттануу менен билдирем.
Түркия көп жылдар бою Кыргызстан үчүн эң маанилүү соода жана инвестициялык өнөктөштөрдүн бири экендигин баса белгилеп, урматтуу президент Эрдоган мырза экөөбүз эки тарапты кызыктырган тармактарга инвестицияны саясий жактан колдоого жана коргоого даяр экенибизди билдирдик. Бул өңүттө тышкы жана ички инвесторлор үчүн шарттарды жакшыртууну улантууга Кыргызстандын бекем ниети бар экендигин билдирдим.
Билим берүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын бардык аймактарында «Маариф» билим берүү фондунун мектептеринин тармагын кеңейтүү жана Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн Түркия Республикасына бекер дарыланууну караган Макулдашууну кайра жандандыруу боюнча макулдаштык.
Саламаттык сактоо жаатында урматтуу Президент Режеп Тайып Эрдоган атындагы Бишкек Кыргыз-Түрк достугу мамлекеттик ооруканасынын көрсөтүп жаткан кызматтарын жогору баалап, Кыргызстандын облустарында ушундай заманбап саламаттык сактоо мекемелерин куруу боюнча кошумча долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштадык.
Учурдан пайдаланып, аталган оорукананын медициналык персоналы жогорку квалификациялуу, ал эми жабдуулары заманбап болгондуктан, органдарды алмаштыруу боюнча ийгиликтүү операциялар өтүп жаткандыгын коомчулукка билдирип кетейин. Бул багытта дагы кызматташуубузду мындан ары да өнүктүрөбүз деп макулдаштык. Муну менен бирге, биз мамлекеттердин ортосунда аскердик-техникалык жана аскердик-коргоо чөйрөлөрүндө жигердүү өнүгүп жаткан кызматташтыкты, жана аны мындан ары кеңейтүүгө болгон дараметин белгиледик.
Мындан тышкары, сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында эки өлкөнүн ортосунда ар түрдүү тармактарда, атап айтканда саламаттык сактоо, энергетика, экономика жана финансы, айыл чарба, санариптештирүү, коопсуздук, маданият жана башка маанилүү тармактарда эки тараптуу макулдашууларга кол коюлду.
Учурдан пайдаланып, Урматтуу президент Эрдоган мырзага Кыргызстандын Түркияга болгон тышкы карызын кечүү боюнча кабыл алган чечими үчүн терең ыраазычылык билдирем”.