7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Режеп Тайып Эрдоганга биринчи даражадагы «Манас» орденин тапшырды 

280

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-ноябрда, Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоганга биринчи даражадагы “Манас” орденин тапшырды.

Бул сыйлык Режеп Тайып Эрдоганга Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы стратегиялык кызматташтыкты өнүктүрүүгө, эки элдин биримдигин жана достугун чыңдоого кошкон олуттуу салымы үчүн ыйгарылды.

Аны тапшыруу аземинде президент Садыр Жапаров кыргыз элинин терең ыраазычылыгын билдирген Кыргыз Республикасынын жогорку мамлекеттик сыйлыгын ар тараптуу кызматташтыкты бекемдөөгө көмөктөшкөн жеке аракети, жетекчи катары көрөгөчтүгү жана эл аралык иштердеги чебердиги үчүн Түркия президентине тапшыруу ал үчүн чоң сыймык экенин баса белгиледи.

281