7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Нью-Йоркто Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган сүрөт көргөзмө уюштурулду

745

Кечээ, 20-сентябрында Нью-Йорктогу БУУнун штаб-квартирасында Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган сүрөт көргөзмө уюштурулду. Ага Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев да катышты.

Көргөзмөнүн жүрүшүндө өлкөнүн байыркы тарыхын, кооз жерлерин, улуттук спорт оюндарын, маданиятын жана жаратылышын, ошондой эле КРнын БУУ менен болгон мамилесин чагылдырган сүрөттөр көрсөтүлдү.

Сүрөт көргөзмө Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын 76-сессиясынын жогорку деңгээлдеги жумалыгына катышкан чет мамлекеттердин делегацияларынын бардык мүчөлөрүнө жеткиликтүү болгон.

Эске салсак, тышкы иштер министри Казакбаев  БУУнун Башкы Ассамблеясынын 76-сессиясынын Жогорку деңгээлдеги жумалыгына катышуу үчүн Нью-Йорк шаарына барган.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

746