7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Облустук жана райондук жергиликтүү сотторго 9 судьянын кызмат орду бекиди

216


Кыргыз Республикасынын Судьяларды тандоо боюнча кеңеши тарабынан Талант Мамытовдун дарегине Бишкек шаарынын кээ бир райондук сотторунун, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын судьялык кызмат орундарына дайындоо үчүн 9 талапкер боюнча сунуштар келип түшкөн. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.


Тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан талапкерлерге карата берилген кошумча материалдарды эске алуу менен, Талант Мамытов судьялык кызматка 9 талапкер боюнча Кеңештин сунуштары менен макул болду.


Президенттин милдетин аткаруучу 9 талапкер боюнча жергиликтүү соттордун судьялык кызмат орундарына дайындоо жөнүндө жарлыктарды чыгарып, алар төмөнкү сотторго судьянын ыйгарым укуктарын аткаруу үчүн жиберилди:


— Октябрь райондук сотуна:
Жарматова Айдай Жарматовна;
Жолдошбаев Мирлан Эргешбаевич.


— Свердлов райондук сотуна:
Абыкеев Таалайбек Капарович;
Байдаева Лейла Алиевна;
Түмөнов Алтынбек Жаңыбаевич.


— Ленин райондук сотуна:
Өмүралиев Мелис Асанбекович;
Тентимишов Марлен Бактыгулович.


— Ысык-Көл облустук сотуна;
Мырзаканова Бермет Низамидиновна.


— Нарын облустук сотуна:
Алыбаев Замир Эрнисбекович.


Жарлыктар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Белгилей кетсек, КР Президентинин милдетин аткаруучунун Жогорку Соттун судьясынын бош кызмат ордуна шайлоо үчүн 1 талапкер боюнча тийиштүү сунуштама-каты Жогорку Кеңешке жиберилди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

217