7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ок атып өз өмүрүн кыйган аялга шектүү деп күйөөсү табылды

1823

Чүй районунда жарандык никедеги жолдошу аялын өлтүрүүгө шектелип кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ 30-июнь күнү жайлоолордун биринде аял киши ок атуучу курал менен атынып, өз өмүрүн кыйгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Жансыз денеге кароо жүргүзгөндө анын денесинде жаракаттар аныкталып, ал 1976-жылы туулган У.Н. аттуу жаран экендигин такталган.

Жубайлар жайлоодо малчы болуп иштеп жүрүшкөн. Окуя мас абалында күйөөсү менен аялы уруша кеткенден улам келип чыккан. Учурда кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, зарыл болгон экспертизалар дайындалды.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Териштирүү иштеринин алкагында, жогорудагы кылмышка шектелип каза болгон аялдын жарандык никедеги жолдошу кармалган.

Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1824