Социалдык тармактарга тараган Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектепте 23-майда орун алган мугалим менен окуучу кыздын ортосундагы чырдан улам кызматтан алынган мугалим жумушка кайтарылды.
Сузак райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Тынычбек Усеновдун айтымында, мектеп жетекчилиги кечээ, 26-май күнү, жазылган арызды артка кайтарып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөнүн, азыркы учурда дарылануудагы мугалим ишин улантаарын билдирди.