Париждеги Олимпиада оюндарынын экинчи күнүндө Кыргызстандын спортчусу Кубанычбек Айбек уулу беттешке чыгат.
Ал 66 кг салмак категориясында күч сынашат. Дзюдо боюнча турнир Бишкек убактысы боюнча саат 14:00дө башталат.
1/16 финалдагы кыргызстандык спортчунун атаандашы украиналык Богдан Ядов экени белгилүү болду.
Айбек уулунун атаандашы 27 жашта, Эл аралык дзюдо федерациясынын маалыматы боюнча, ал дүйнөлүк рейтингде 15-орунда турат. Богдан Ядов 2022-жылдагы Европа чемпиону, 2023-жылы Парижде өткөн Чоң шлемдин жеңүүчүсү.
Ядов буга чейин кыргызстандык дзюдочулар менен эки жолу күрөшүп, эки жолу тең жеңишке жеткен — 2014-жылы жаштар арасындагы чемпионатта Алтынбек Алмаз уулун, 2019-жылы Тель-Авивде болгон Гран-приде Руслан Турсуналиевди утуп алган. Бирок Айбек уулу менен Ядов буга чейин беттешкен эмес.