7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Олимпиада–2024: Бүгүн спорттун 4 түрү боюнча беттештер өтөт

386

Эртең, 26-июлда Парижде жайкы Олимпиада оюндарынын ачылыш аземи болот.

Салтанаттуу иш-чараны утурлай, бүгүн спорттун төрт түрү боюнча алдын ала мелдештер өтөт. Анда аялдардын гандболу, жаа атуу, регби жана аялдар футболу бар.

Аялдардын гандболу боюнча турнирде 12 команда ойнойт. Мында алгачкылардан болуп Норвегия менен Швециянын командалары кез келет. Бул эки команда 2023-жылдагы дүйнө чемпионатында күчтүү делген төрттүккө кирген. Анда норвегиялыктар күмүш медаль уткан. Токио-2020 Олимпиадасынын чемпиондору аталган Франциянын курамасы Венгриянын командасы менен беттешет.

Париж-2024 мелдешинде олимпиадалык гандбол турнирин Дания менен Словениянын курамалары ачат. 2023-жылдагы дүйнө чемпионатында даниялыктар коло медалдын ээлери болушкан.

Ал эми аялдар футболу боюнча турнирде бүгүн 6 оюн өтөт. Жалпысынан 12 команда катышат. Испания – Япония, Германия – Австралия менен футбол талаасына чыкса, Олимпиада оюндарынын кожоюну болгон Франциянын курама командасы менен колумбиялыктар ойнойт.

387