5-июлда Өзбекстандын аймагына Ооганстан тараптан беш ракета атылган. Факты жергиликтүү убакыт боюнча саат 16.20ларда катталган. Бул боюнча Өзбекстандын Ички иштер министрлиги кабарлады.
«Түшкөн снаряддар жарылган эмес. Мындан улам каза болгондор жок. Термез шаарынын «Мажнунтол» айылындагы жеке турак жайларга зыян келтирилген. Ал эми бешинчи снаряд футбол талаасынан табылды. Алардын баардыгын саперлер зыянсыздандырды», — деп айтылат маалыматта.
Азыркы тапта Өзбекстандын тийиштүү мекемелери ооган тарап менен окуянын себептерин териштирип жатышат.