7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Опера жана балет театрынын директору Алмазбек Истамбаев кармалды

357

УКМК Бишкектеги А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын директору Алмазбек Истамбаев кармалганын билдирди.

Билдирүүгө караганда, ал кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланууга шектелүүдө.

«Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) козголгон кылмыш ишинин негизинде сотко чейинки өндүрүш иштери башталды. КУАОЖБТнын башкы директору И.А.М. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда бул фактыга тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо жана мамлекеттик бюджетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча тиешелүү тергөө иштери жүргүзүлүүдө»,- дешти атайын кызматтан.

 

 

 

358