7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Орунбеков: Тажикстанга Лейлек районундагы эмес, Баткендеги Достук айылы алмашылган

380

Тажикстанга Лейлек районундагы эмес, Баткен районундагы Достук айылы алмашылган. Бул тууралуу президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков билдирди.

«Айрымдар чек ара боюнча алмашылган Достук айылы тууралуу так эмес маалымат таратып, аны Лейлек районуна караштуу Достук айылы менен алмаштырып жатышат. Бул Баткен районундагы Достук айылы жөнүндө сөз болуп жатат. Мурунку аты – Суу боюндагы Карабак. Айылдын жалпы аянты 35 гектар жана ал чакан айыл болуп эсептелет. Лейлек районундагы Достук айылына эч кандай тиешеси жок экенин билдиребиз»,- деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, буга чейин УКМК төрагасы «Достук айылын толугу менен Тажикстанга бердик. Анкени ал биздин айылдардан эң алыс жайгашкан. Айылдан бизге стратегиялык же экономикалык пайда жок. 91 гектардын ордуна 91 гектар жер алдык деп айткан.

381