7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ош облусуна селден улам өзгөчө кырдаал режими киргизилди

800

Ош облусунун аймагында селден улам өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү билдирет.

ӨКМдин Ош облусу боюнча башкармалыктын башчысынын милдетин аткаруучу Замир Эрмаматов жалпы облустагы абалга сереп салып, өзгөчө кырдаал режимин киргизүү боюнча сунуш киргизди. Бул сунуш жарандык коргонуу өкүлдөрү тарабынан колдоо тапты.

Кырдаалды жана талкууланган жүйөлөрдү эске алуу менен президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаевдин буйругу менен өзгөчө кырдаал режимин киргизүү чечими кабыл алынды. Жантаев кырдаалды турукташтыруу жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо боюнча бардык түзүмдүк бөлүмдөрдүн макулдашылган иш-аракеттеринин зарылдыгын белгиледи.

20-апрелден тарта Ош облусунун аймагында сел жүрүп, үйдүн короолорун, унаа жолдорду суу каптап, бир адам каза болду.

801