Ош шаарында Эсептөө палатасынын инспектору кармалды. Бул тууралуу Каржы полициясынын пресс-кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, инспектор мамлекеттин бюджетине 13 миллион сом чыгым келтирген.
«Кармалган адам Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарындагы Эсептөө палатасынын өкүлү болгон. Үстүбүздөгү жылдын 7-декабрында Ош шаардык соту инспекторго чечим чыгарып, 1 айга камакка алды. Учурда бул ишке катышкан башка адамдарды аныктоо, уурдалган каражатты бюджетке кайтарып берүү багытындагы иштер уланып жатат», — деп берилет маалыматта.
Белгилей кетсек, буга чейин бул иш боюнча ЖЧКнын жетекчиси «П.Т.» кармалган болчу.