Ош шаарында 49 жаштагы Гүлсара Токтобаева дайынсыз болуп изделүүдө. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 18-декабрь күнү Токтобаева Гулсара Адановна Ош шаарынын Курманжан-Датка көчөсүндөгү медициналык борбордун жанынан жоголгон.
Өзгөчө белгилери: 165-170-сантиметр, арык дене түзүлүштө.
Кийип жүргөн кийимдери: Башына жоолук, боз түстөгү тизесин жапкан куртка, бутуна кара түстөгү өтүк кийип жүргөн.
Эгерде кимде ким аталган жаран боюнча маалымат билсе, милиция кызматкерлерине телефон чалып коюну өтүнөт.
Байланыш телефону: (03222) 4-82-82, 102, 0777 08 10 52, 0505 89 99 93.