12-14-апрель күндөрү Ош шаарынын “Семетей” кинотеатрында РФ Маданият министрлигинин жана Кино фондусунун колдоосунда уюштурулуп жаткан Россия киносунун фестивалы өтөт.
Көрсөтүүлөр программасына “Аба” аскердик-тарыхый драмасы (режиссер Алексей Герман-кенже, 2023-жыл), биринчи жолу космосто тартылган “Чакырык” фильми (Клим Шипенко, 2023-жыл), “Чортон балыктын буйругу менен” жомогу (Александр Войтинский, 2023-жыл), “Чебурашка” үй-бүлөлүк комедиясы (Дмитрий Дьяченко, 2022-жыл) “Жут чымчык” катастрофа-фильми” (Борис Хлебников, 2023-жыл) кирген.
Тасмалар орус тилинде кыргызча субтитрлер менен акысыз көрсөтүлөт. Акысыз кино көрүүгө онлайн-катталуу стористеги шилтеме боюнча ачык.