7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ошто 12 жаштагы бала кутурмадан көз жумду

623

Ош шаарында 12 жаштагы окуучу бала кутурма оорусунан каза болду. Бул тууралуу шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору журналисттерге тастыктады.

Маалыматка караганда, өспүрүм жайында Өзгөн районуна чоң энесиникине барганда ит тиштеп алган.

«Бала Ош шаарынын тургуну. Жайкы каникул учурунда бала чоң ата, чоң энесинин үйүндө болгон. Июль айынын аягында аны талаадан ит тиштеп алган. Бул боюнча дарыгерлерге кайрылышкан эмес. Чоң энеси тиштелген жерин спирт менен гана сүртүп койгон. Сентябрь айынын ортосунда өспүрүм жарыктан, суудан, катуу үндөн коркуп, гидрофобия пайда болгон. Клиникалык симптомдору бир жарым айдан кийин пайда болгон. Бирок кеч болуп калган”, — деп берилет маалыматта.

Белгилей кетсек, кутурма үй жана жапайы жаныбарлардын шилекейи аркылуу жугат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

624