7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ошто 14 жаштагы кыз көз жарган

581

Ош облусунун Өзгөн районунда 14 жаштагы кыз көз жарган. Бул тууралуу жергиликтүү ЖМКлар жазышууда.

Өспүрүм кыз 18-август күнү көз жарып, уул төрөгөн. Бул маалыматты Өзгөн райондук аймактык ооруканасынан тастыкташкан.

Окуя боюнча Ош ОИИБи бул факты Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнө каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

Чогултулган материалдын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренеси (зордуктоо) боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам-тергөө амалдары башталган.

Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында, кылмышка шектүү катары Өзгөн районунун 2003-жылы туулган тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда тергөө амалдары уланууда.

 

 

582