Ошто 2 кызы менен каналга түшүп кеткен келиндин 1 жаштагы кызы изделүүдө. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Ош облусунун Кара-Суу районундагы Отуз Адыр а/а, Тойчу айылында 26-сентябрь күнү 1997-жылы туулган И.М. аттуу аял кичинекей кыздары (2018-ж.т. Х.С., 2020-ж.т. Х.С.) менен Отуз-Адыр каналына түшүп кеткен тууралуу маалымат түшкөн. Жергиликтүү тургундар тарабынан аялды жана анын 2018-жылы туулган кызын суудан аман-эсен чыгарышып тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
«Бүгүн жерине 2020-жылы туулган Х.С. издөө иштерин жүргүзүү үчүн Кара-Суу райондук №25 ӨКБдан 16 куткаруучу жана жергиликтүү тургундардан 15 киши тартылды», — деп берилет маалыматта.