7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ошто бала бакчага киргизүү үчүн 15 миң сом пара талап кылган кызматкер кармалды

458

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгына арыз менен Ош шаарынын тургуну кайрылып, анда ал 2024-жылдын июль айында кызы Ош шаарындагы балдар бакчасына киргизүү үчүн барган учурда, балдар бакчанын адиси 15000 сом акчаны пара катарында сурап жаткандыгын билдирген.

Аталган факт Ош ШИИБде катталып, кылмыш иши козголгон.  28-август күнү бала бакчанын адиси А.Т. 15.000 сомду алып жаткан учурда кармалып, далил буюм катары алынган.

Бала бакчанын адиси 1986-жылы туулган А.Т. тергөө кызматына камсыздалып, тийиштүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Кылмыш иши боюнча тийиштүү соттук экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары улантылууда.

459