7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ошто көп балалуу энелерге орден жана медалдар тапшырылды

519

Бүгүн Ош шаарынын мэриясында көп балалуу энелерге «Баатыр эне» орденин жана «Эне даңкы» медалдарын тапшыруу аземи өттү. Бул тууралуу Ош мэриясынан билдиришти.

Иш-чарага Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов, орун басары Нурбек Кадыров, көп балалуу энелер жана алардын жакындары катышты. Калаа башчысы коомдун өнүгүшүнө жана келечек муундун калыптанышына өзгөчө салым кошкон энелерге бекем ден-соолук каалап, алган жогорку сыйлыктары менен куттуктады.

Президенттин жарлыгына ылайык, бүгүн 20 энеге «Баатыр эне» ордени, 14 энеге «Эне даңкы» медалы тапшырылды. Ал эми Ош шаарынын мэриясы тарабынан ар бир айымга акчалай сыйлыктар берилди. Ош шаарында “Баатыр эне” ордени менен сыйланган энелердин саны 567, алардын пенсия курагындагысы 483, эң жашы болсо 34 жашта. Ал эми “Эне даңкы” медалы менен сыйланган энелердин саны 185.

Белгилей кетсек, “Баатыр эне” наамы жети жана андан көп бала төрөгөн, балдарга бардык жактан татыктуу тарбия берген энелерге ыйгарылат. Наамды тиешелүү жобого ылайык алуу үчүн жаран катталган дареги боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кайрылса болот.

520