7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ошто коомдук транспорттордо мультфильмдер көрсөтүлө баштайт

579

Ошто коомдук транспорттордо кыргыз тилиндеги мультфильмдер көрсөтүлө баштайт. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясында транспорт чөйрөсүндөгү мамлекеттик тилдин аткарылышы боюнча жыйында белгилүү болду.

Жыйында «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» конституциялык мыйзамын ишке ашыруу максатында кыргыз тилиндеги “Козулар”, «Сыйкырдуу калем» анимациялык мультфильмдерин шаардык каттамдардын (автобус, троллейбус) мониторлорунда коюу сунушталды.

Мэрдин орун басары Нурбек Кадыров Ош шаарынын мэриясы бул демилгени колдоого даяр экендигин, мамлекеттик тилди жайылтуу боюнча бир топ иш-аракеттер жасалып жаткандыгын билдирди.

Соңунда мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн бир катар кызматкерлер Ардак грамота жана төш белгилер менен сыйланды.

 

 

 

580