Ош шаарынын Жапалак айыл аймагында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар дары-дармектерди арзандатуу менен сатып ала турган социалдык дарыкана ачылды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, иш-чарага Ош шаарынын вице-мэри Венера Рыскулова, Дары-дармек жана медициналык техника департаментинин түштүк бөлүмүнүн өкүлдөрү, үй-бүлөлүк дарыгерлер топторунун өкүлдөрү, жергиликтүү тургундар катышты.
“Социалдык аптека” долбоорунун негизги максаты – калкты жеткиликтүү баада сапаттуу дары-дармектер менен камсыз кылуу.
1-2-категориядагы мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн дары-дармектерди сатып алууда 25% арзандатуу каралган; 3-категориядагыларга — 15% жеңилдик; пенсионерлер жана Кыргыз Республикасынын башка жарандары дары-дармектерди 10% арзандатуу менен сатып ала алышат.
Ош шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгынын маалыматы боюнча, калаада 2100 аз камсыз болгон жаран, 3120 ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар жашайт.
Эскерте кетсек, буга чейин социалдык дарыкана Сулайман-Тоо МАБында да ачылган. Алдыда калган бардык муниципалдык аймактык башкармалыктарда уюштуруу пландалган.