7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ошто Ооган согушунда каза болгон жоокерлер эскерилди

574

Бүгүн, Ош шаарында Оогандан Советтик жоокерлердин чыгарылышынын 35 жылдыгына арналган эскерүү иш-чарасы өттү.

Иш-чара, эстеликке гүл чамбарларды коюу менен башталып, Ооган согушунда баатырларча курман болгон жоокерлердин элесине куран окулду.

Эскерүү иш-чарасына Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Талантбек Арстанкулов, шаардык кеңештин депутаты Болот Баетов, Коргоо министринин орун басары, Түштүк-Батыш оперативдүү командачылыгынын кол башчысы Алмазбек Карасартов, Россия Федерациясынын башкы консулдугунун өкүлдөрү, Ооган согушунун, аскер бөлүктөрүнүн жоокерлери, курман болгон жоокерлердин үй-бүлөлөрү, мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.

Белгилей кетсек, Ооганстандагы аскердик операциялар 1979-жылдан 1989-жылга чейин – дээрлик он жылга созулган. Учурда Ош шаарында 349 интернационалист жоокер жашайт.

575