7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ошто кармалган УКТ мүчөлөрүнөн көптөгөн курал-жарактар табылды

878

Ош шаарында өзгөчө оор кылмыштары үчүн кармалган кылмыштуу топтун мүчөлөрүнөн көп сандаган курал-жарактар табылды.

ИММден билдиришкендей, аталган эки учурда тең кылмыш ири суммадагы акчаны тартып алуу максатында жасалган.

«Кармалгандардын арасында Кыргызстан менен Өзбекстандын жарандары бар. Шектүүлөрдүн жашаган жерин тинтүү учурунда көп сандагы ок атуучу куралдар, анын ичинде автоматтар, снайпердик мылтыктар, пулемёттор, тапанчалар, ок-дарылар жана гранаталар табылып, тиешелүү экспертизалар дайындалды», — деп айтылат маалыматта.

Кармалгандардын арасында аялдар да бар. Ал Өзбекстандын жараны, Наманган облусунун тургуну 1987-жылы туулган У.С. (аял киши) Кыргызстандын аймагында мыйзамсыз жүргөн. Алдын ала маалыматтар боюнча, ал бир нече жыл мурда Тажикстан аркылуу өлкөгө кирген жана кармалган кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн биринин аялы болот.

Шектүүнүн башка бирөөнүн документин колдонуп жүргөнү дагы аныкталды. Анын Ош шаарындагы жашаган жерин тинтүү учурунда 37 жаштагы Кыргызстандын жаранынын атына даярдалган паспорт табылган.

Аталган бардык фактылар боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

879