Бүгүн Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Ош шаарына болгон жумушчу сапарынын алкагында Ош шаардык клиникалык ооруканасына барды.
Бейшеналиев медициналык мекеменин учурдагы абалы менен таанышып, бөлүмдөрдү көрүп чыкты. Оорукананын жетекчилиги жана кызматкерлери менен жолугушуп, Органдарды трансплантациялоо борборун ачууга даярдыктын негизги этаптары талкууланды.
Ооруканада акыркы технология менен жабдылган заманбап операциялык бөлмөлөр бар, алар татаал операцияларды, анын ичинде органдарды трансплантациялоого мүмкүндүк берет.