7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
2425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

ТИМ кыргызстандыктарды Израиль жана Ливанга барбай турууга чакырды

318

Тышкы иштер министрлиги Израиль менен Ливандын чек арасындагы татаал жана чыңалган кырдаалга байланыштуу Кыргызстандын жарандарына аталган өлкөлөргө баруудан алыс болууну сунуштайт.

Ошондой эле Кыргызстандын тышкы саясий ведомствосу Ливан жана Израилде жашаган КР жарандарына региондогу кырдаал турукташканга чейин жеке коопсуздук чараларын күчөтүүнү жана мүмкүн болушунча жогоруда аталган өлкөлөрдөн чыгып кетүү зарыл экенин белгилейт.

Ошону менен бирге министрлик белгиленген өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандары ыкчам байланыш үчүн Кыргызстандын Кувейттеги элчилигинин (+96525359951), Түркиядагы элчилигинин (+905456896800) жана КР Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин (+996 999 312002) ишеним телефондору аркылуу зарыл учурда жардам же консультация алуу үчүн кайрыла алышарын билдирет.

 

 

 

 

 

319