7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Шакиев: Эгемендүүлүк алган жылдардагы кыйынчылыктарда Акаевдин күнөөсү чоң болгон

308

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында Аскар Акаевдин убактылуу депутаттык комиссия түзүү тууралуу арызы каралып, депутаттар аны четке какты.

Төрага Нурланбек Шакиев аталган маселе боюнча коомчулукта ар кандай талкуулар жүрүп жатканын белгилеп: “Айрыкча жарандар бул арыз боюнча депутаттар кандай чечим кылат деп күтүп жатышты. Бирок мен буга чейин да, бүгүн да добуш берүүгө эч кандай таасирим тийбесин деген ойдо пикиримди айткан жокмун”, – деп кошумчалады.

Ошондой эле эгемендүүлүк алган жылдарда өлкөбүз көптөгөн кыйынчылыктарга тушукканын айткан төрага: “Жасалган иштердин жакшысынан жаманы арбын болду. Мында биринчи президент катары Аскар Акаевдин күнөөсү чоң экени анык”, – деди.

Мындан тышкары, Аксы районунан шайланган эл өкүлү катары аксылыктардын аталган маселеге карата катуу тынчсызданып жатканын кеп кылган Шакиев: “Парламент туура чечим кабыл алдык деген ойдомун. Эми буга тарых жана эл өз баасын берет”, – деген пикирин билдирди.

309