7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Пайдалуу кеңеш: Мырзалар кандай айымдардан алысташат?

1003

Жигитттер үйлөнөр убактысы келген маалда келечектеги өмүрлүк жубайын кылдаттык менен тандап калат. Ала турган болочоктогу жубайы менен бактылуу жашай аламбы деген күмөн саноо ойлор аларды тандоого алып келет. Кандай мүнөздөгү кыздардан мырзалар чочуркайт жана келечегин ал менен элестете албайт. Бул тууралуу кененирээк айтып беребиз…

Капчыгына көп маани берген кыздар. Биринчи жолугушууда эле сиздин өзүңүз тууралуу маалымат кызык болбой, сиздин эмгек акыңыздын өлчөмү, үйүңүз маанилүү болот. Мындай учурларда эркектердин болгон кызыгуусун качырат да менин өзүм эмес, бир гана байлыгым ага кызык деп ойлоп калат.

Дайыма нааразы боло берген айымдар. Эч качан эч нерсе жакпайт, ар дайым негатив тартуулаган, кабагы ачылбаган, дайыма ачууланып жүрө берген айымдар. Эмне деп айтканыңызды угуп, сиздин пикириңизди сыйлабайт, башкача айтканда өзүмчүл айымдар. Кичине эле нерседен чоң көйгөй жаратып уруш чыгарат. Мындай аялдан эркектер качышат жана коркушат.

Эркек кишини көзөмөлдөй берген айымдар. Ар бир кыймылын көзөмөлдөп «бул жака барбайсың», «досторуң менен жолукпайсын», «неге мени алып барбайсың»- деп тополоң чыгара берген кыздардан тажап кетишет. Анткени эркектер өзүнө баш ийе турган, анын сөзүн эки кылбай турган, ага ишене турган жубай алгысы келет. Эреже катары, мындай аялдарды бала кезинде энесинен тийиштүү көңүл бурбаган эркектер тандашат, бирок эркек эртеби-кечпи мындай мамиледен чарчайт.

Ашыкча кызганчаак жана сезимтал. Бул айымдардын маанайы өтө эле бат алмаша берет. Чымындай нерсени пилге айлантып сала алат. Эгерде бирөө жарымга күлүп же сылык мамиле кылып койсоңуз анда такыр эле катастрофа. Кыйкырып, ыйлап, эркекти кечирим сурата алат, бирок канчага чейин бул кылыкты эркек киши көтөрө алат экени белгисиз.

Эркектен көз каранды. Бул жашоодо ар бир инсандын өзүнүн орду, кызыкчылыгы болот эмеспи. Ошондой эле үй-бүлөлүк жашоодо дагы бир эле эркек кишини карап отура берген, андан башка эч кызыкчылыгы жок айымдар эркектер үчүн кызыксыз. Ар бир адамдын өзүнүн хоббиси болуш керек жана ал менен алектенип, өзүн өнүктүрүп туруу маанилүү. Башкача айтканда жолдошу менен ар кайсыл темада сүйлөшүп, анын ойлорун колдоп туруу аларга жагымдуу.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1004