7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Панфилов районунда 19 жаштагы баланы бычактоого шектелип 3 жигит кармалды

1637

Панфилов районунда 19 жаштагы баланы бычактап кеткен 3 жигит кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 30-июль күнү аймактык ооруканага эркек киши бычактан алган жаракатынан улам жаткырылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Панфилов РИИБдүн ыкчам тергөө тобу көрсөтүлгөн дарекке чыгышып, ооруканадагы жарандын өздүгү аныкталып, ал 2002-жылы туулган А.К. экендиги такталган.

Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине КРнын Жазык кодексинин 138-беренеси (Ден соолукка оор зыян келтирүү) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

«Жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында 2002-жылы туулган З.Б. жана Э.Б., 2004-жылы туулган К.А. аттулар кармалышып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилген. Териштирүү учурунда ичимдик ичип отурушкан эки топтогу балдардын ортосунда пикир келишпестик чыгып, уруша кетишип А.К. аттуу жаран бычактан жаракат алганы маалым болгон. Учурда ыкчам тергөө иш-амалдары жүргүзүлүп, зарыл болгон экспертизалар дайындалды», — деп берилет маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1638