29-августка караган түнү Кыргызстандын спортчулары Париждеги (Франция) Паралимпиада оюндарынын ачылыш аземине катышты.
Кыргызстандын курама командасы жеңил атлетика, триатлон, дзюдо жана пауэрлифтинг боюнча мелдештерге 4 спортчу катышат.
Алар: Гүлназ Жүзбаева, Айтунук Жоомарт кызы, Маматибраим Суранов, Миргүл Болоталиева.