7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Париждеги Олимпиадада 329 комплект медаль ойнотулат. Медалдардын өзгөчөлүктөрү

276

Париждеги Олимп оюндарында 329 комплект медаль ойнотулат. Жалпысынан оюндар үчүн 5084 медаль жасалды. 

  • Алтын байгенин салмагы 529 грамм, күмүштүкү 525, коло медаль 455 граммга жетет.
  • Медалдын дизайнын Chaumet компаниясы менен биргеликте иштеп чыккан.
  • 1896-жылдан бери өткөрүлүп келе жаткан Олимпиада оюндарындагы 36 миң 600 медалдан Париж-2024 мелдешинде берилүүчү медалдар өзгөчөлөнүп турат.
  • 100 жылдан кийин оюндар кайрадан Францияда өткөрүлгөнү жаткандыктан, алтын, күмүш жана коло медалдарынын ар биринде Париждин символу атыккан Эйфель мунарасынын качандыр бир бөлүгү болгон металлдын 18 граммды түзгөн бөлүкчөлөрү камтылат. Алар бир канча ирет реконструкцияланган мунарадан алынган металлдар болуп саналат.
  • Медалда алты бурчтук катары Эйфель мунарасы чагылдырылган. Бул геометриялык фигура оюндарды өткөрүүгө өлкө жапатырмак катышканын билдирет.
  • Медалдын арткы бетинде ичке бирдей сызыктар кетет. Ал дүйнө жүзүндө Франциянын “жаркыраганын”, спортчулардын эсте каларлык беттештерин сүрөттөп турат.
  • Париж-2024 Олимпиадалык жана Паралимпиадалык оюндардын медалдарынын тасмасына Эйфель мунарасынын торчолору түшүрүлгөн. Олимпиадалык медалдардын тасмасы кочкул көк түстө, ал эми Паралимпиаданыкы кочкул кызыл түстө болот.
  • Эйфель мунарасы түшүрүлгөн медалда “Париж” жана “2024” жазуулары Брайл шрифти менен жазылган. Ошондой эле көзүнүн көрүүсү начар адамдар медалдарды айырмалай алышы үчүн алтында I, күмүштө II, коло III деген чийиндер менен жазылган.

Белгилей кетсек, жайкы Олимпиада оюндары Парижде 26-июлдан 11-августка чейин, ал эми Паралимпиадалык оюндар 28-августтан 8-сентябрга чейин өтөт.

277