7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Педагогикалык багытта быйыл былтыркыга салыштырмалуу 22%га көп тандашкан

448

Билим берүү жана илим министрлиги 2022-2023-окуу жылына карата ЖОЖдорго кабыл алууда талап жогору болгон кесиптер боюнча статистикалык маалыматтарды жарыялайт.

Жалпысынан 2022-жылы жалпы республикалык тестирлөөгө 51 183 абитуриент катышкан. 2022-жылы тестирлөөнүн катышуучуларынын упайларынын орточо көрсөткүчү 119,8 баллды түздү. Босого 110 же андан жогорку баллга тестирлөөнүн 29 075 катышуучусу ээ болду, бул катышуучулардын жалпы санынын 57%ын түзөт. Предметтик тестирлөөнүн босого баллы – 60 болду. Педагогикалык багыттагы гранттардын негизинде негизги тесттин босого баллы 115 деп белгиленди.

   Кадрларды даярдоонун педагогикалык багыттарына 1918 бюджеттик орун бөлүнгөн. Педагогикалык багыттар боюнча 17 мамлекеттик жана 12 жеке менчик жогорку кесиптик билим берүү уюмдары билим берет. 2022-2023-окуу жылында педагогикалык багытка 5138 студент кабыл алынган, бул 2021-жылга салыштырмалуу 22%га көп (2021-жылы – 3984 студент). Ошол эле учурда педагогикалык адистиктерди тандагандардын жалпы республикалык тестирлөөдө негизги тестинин эң жогорку упайы 219 баллдын деңгээлинде, орточо 180 баллга жакын болгонун белгилей кетүү керек.

Ыкчам маалыматтарга ылайык (09.09.2022) төмөндөгү кесиптер жогорку суроо-талапка ээ болду:

IT адистиги боюнча — 3201 студент кабыл алынган;

Гуманитардык багыттарга (философия, саясат таануу, психология, журналистика, филология, лингвистика ж.б.) 3116 студент кабыл алынды;

Экономикалык багыттары боюнча 2200 студент кабыл алынды;

Медициналык адистикти 1996 абитуриент тандаган;

Юридикалык багыттары боюнча 1442 студент кабыл алынган;

Курулуш жана архитектурага даярдоо багыттары боюнча 604 студент;

3000ден ашык студент айыл чарба, өнөр жай, тоо-кен, энергетика тармагында билим алууну чечкен.

2022-2023-окуу жылына 6000 мамлекеттик билим берүү бюджеттик орун бөлүнгөн, алардын ичинен 80 грант эл аралык макулдашуулар боюнча милдеттенмелерди аткаруу үчүн, 50 грант ЖРТ боюнча эң жогорку балл алган абитуриенттерди конкурстан тышкары киргизүү үчүн, 75 грант чет өлкөлөрдө жашаган этникалык кыргыздарга, 30 грант 2002-жылы Жалал-Абад облусунун Аксы районунда, 2010-жылдагы апрель, май, июнь окуяларында каза болгон жарандардын балдарына жана «кайрылман» статусу бар адамдардын балдарына, биринчи жана экинчи топтогу майыптардын, жөлөкпул боюнча теңдештирилген согуштун катышуучуларынын жана майыптарынын балдарына, бала кезинен майыптарга, жетим балдарга жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдарга 288 орун бөлүндү.

6000 мамлекеттик билим берүү грантынын (гранттык орундардын) ичинен 4663 гранттык орун Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу ЖОЖдорго бөлүнгөн, калгандары башка мамлекеттик органдар тарабынан каржыланат. Мисалы: Ички иштер министрлигине — 130, Саламаттык сактоо министрлигине — 358, Маданият, маалымат жана туризм министрлигине — 206, Коргоо министрлигине — 100, Тышкы иштер министрлигине – 20 бюджеттик орун бөлүнгөн.

 

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

449