7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кара-Кулжа районунун тургундары бийлик өкүлдөрүнө көйгөйлүү маселелерин айтышты

468

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, Башкы прокурору Курманкул Зулушев, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов Ош облусунун Кара-Кулжа районунун тургундары менен жолугушту.

«Эркин микрофон» форматында өткөн жолугушууга райондун 400гө жакын жаран катышты.

Кара-Кулжа районунун тургундарынын басымдуу бөлүгү социалдык көйгөйлөр, суу менен камсыздоо, ички жолдорду, бала бакчаларды, дамбаларды куруу жана оңдоо маселелерин көтөрдү.

Суроолордун башка бөлүгү медицина кызматкерлеринин жетишсиздигине, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин облустук башкармалыгынын кызматкерлеринин компетенциясына тийиштүү болду.

Көптөгөн айыл тургундары жаратылыш кырсыктарынын алдын алуу, кесепеттерин жоюу боюнча тиешелүү кызматтардын ишинин сапатына нааразы экендигин билдиришти. Суу каптоонун натыйжасында бүтүндөй айдоо аянттары суу астында калып, дыйкандарга олуттуу зыян келтирүүдө.

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Кара-Кулжа районунун тургундарынын пикирин угуп, инфраструктуралык өзгөртүүлөрдү жүргүзүү зарылдыгын белгиледи.

Жыйында бала бакча, спорт комплекстерин жана башка социалдык имараттарды куруу боюнча көтөрүлгөн маселелер тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан иликтенет.

Мындан тышкары, залда отурган мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери жана өкүлдөрү жарандардан фермерлерге, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө көмөк көрсөтүү жана башка көйгөйлөрдү чечүү боюнча кайрылууларды жеринде кабыл алышты.

«Айылдын ар бир тургуну мамлекеттин реалдуу жардамын сезиши керек. Өз кезегинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана тиешелүү мамлекеттик органдар айылдарды жана айыл инфраструктурасын өнүктүрүүгө бөлүнгөн бюджеттик каражаттарды натыйжалуу сарпташы тийиш», — деди ал.

Белгилей кетсек, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев жана Башкы прокурор Курманкул Зулушев 7-10-сентябрга чейин Ош облусунун 7 районунун тургундары менен жолугушууларды өткөрүүдө

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

469