7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Байдылда Сарногоев: «Элжиретип эркелеген назыңа, Эркек болбой, таш болсом да эрирмин»

1622

Акын Байдылда Сарногоев Талас районуна караштуу Буденовка айылында 1932-жылы туулган. 1951-жылы Фрунзе шаарындагы №5 орто мектепти, 1956-жылы Москва шаарында М.Горький атындагы Адабият институтун бүтүргөн.

Акындын ырларынын өзгөчөлүгү анын тереңдигинде, маанилүүлүгүндө жатат.

Аял, аял

Жалаң жакшы, жаманы жок аялдын,

Жан жыргалы, жароокери адамдын.

Турмуш көркү, дүнүйөнүн туткасы,

Yйдүн куту, апакеси балаңдын.

 

Жаман дебей, жакшы дедим барысын,

Акыйкаттап айтпайт дебе калысын.

Кетирсе да бир ката эмес, миң ката,

Кекээрлбей кечирип кой анысын.

 

Аял, аял.., айтар сөзүм менин миң,

Сенсиз секунд жашай албайт көрүндүм.

Элжиретип эркелеген назыңа

Эркек болбой, таш болсом да эрирмин.

 

Өлүм парс го өкүмүнө көнөрмүн,

Кез жеткенде келбес жайга жөнөрмүн.

Ошондо да жыйып соңку күчүмдү,

Аял сени бир жалт карап өлөрмүн!

«Жигитмин»

Кээ бир кыздын айтуусуна карасам,

Жылдан жылга мен улгайып баратам.

Баягыдай жакпай калды аларга,

Магнит сөз, бала кыял тамашам.

 

Аялымдын айтуусуна карасам,

Жылдан жылга мен жашарып баратам.

Магнит сөз жакпаса да көөнүнө,

Майдай жагат бала кыял тамашам.

 

Мейли, кыздар мени «чал» деп күлүшсүн,

Таарынчым жок ыгы бардыр күлүштүн.

Бирок өзүм токсон жашка барсам да,

Аялыма солкулдаган жигитмин.

КУРСАКТАГЫ БАЛАМА

Курсагында апаңдын жатып алып,

Кыймылдасаң кез-кезде чатактанып.

Кубангандан эзилип эрип кетем,

Сага жетпей энеңди эркелетем.

 

Көп кишинин ысымын санап чыгып,

Ошолордун ичинен тандап туруп.

Экөө болду атаңдын койгон аты,

Эркексиңби, кызсыңбы садагасы.

 

Ким болсоң да жарыкка келсең экен,

Кимибизге окшошсуң көрсөк экен.

Балабыз-деп өпкүлөп сүйсөк экен,

Бак аралап көтөрүп жүрсөк экен.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1623