7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен 1-октябрдан тартып пенсия 1700дөн 3400 сомго чейин көтөрүлөт

821

Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен 2022-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиялар көбөйөт. Бул тууралуу Президент Садыр Жапаров расмий баракчасы аркылуу коомчулукка жарыялады.

«Урматтуу кыргызстандыктар!

Менин тапшырмам менен өлкөнүн Министрлер Кабинети пенсия өлчөмүн 2022-жылдын 1-октябрынан тартып жогорулатуу чечимин кабыл алды.

Бүгүнкү күндө жалпы өлкө боюнча 735 миңдей пенсионер бар.

Аларга пенсия төлөмдөрү үчүн жылына

70 млрд сом каралат.

Эми бул максатка биз жыл сайын республикалык бюджеттен 90 млрд сом бөлөбүз.

Буга чейин пенсия өлчөмү орточо 200-300 сомго көтөрүлчү.

Азыр эми биз бир эле учурда жалпы өлкө боюнча пенсия өлчөмүн 1700дөн 3400 сомго чейин көтөрүү чечимин кабыл алдык.

Албетте, бул идеалдуу сан эмес.

Бирок бүгүнкү бюджеттин мүмкүнчүлүгүнө жараша жарандарыбыздын жашоо шартын жакшыртуу үчүн бардыгын жасап жатабыз.

Мамлекеттин социалдык саясаты мындан ары да кыргызстандыктардын жашоо сапатын жана бакубатчылыгын жакшыртууга багытталат»,-деди өлкө башчысы.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

822