7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«PORSCHE», «LEXUS» жана элиталык үйлөр… Эки жарандын мүлктөрү мамлекетке конфискацияланды

349

Талас облусунда жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия берүүдө коррупциялык схеманын бети ачылды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Тергөөнүн жүрүшүндө айрым адамдар Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин кызмат адамдары менен бүтүм түзүп, материалдык пайда алуу максатында КР мыйзамдарынын талаптарын бузуу менен пайдалуу кендерди казып алуу боюнча ишканалардын лицензиясын мыйзамсыз алуу схемасын уюштурушкандыгы аныкталган.

27-февралда Талас облусунун Айтматов райондук сотунун өкүмү менен аталган тармактагы коррупциялык схеманын уюштуруучулары Э.Д.Н. жана М.В.И.нин төмөнкү мүлктөрүн конфискациялоого өкүм чыгарылды.

— 2018-жылы чыгарылган LEXUS LX570;

— 2024-жылы чыгарылган TOYOTA LAND CRUISER;

— 2020-жылы чыгарылган TOYOTA CAMRY;

— 2023-жылы чыгарылган TESLA MODEL Y;

— 2022-жылы чыгарылган LEXUS LX600;

— 2018-жылы чыгарылган BMW X5;

— 2019-жылы чыгарылган LEXUS LX570;

— 2020-жылы чыгарылган PORSCHE CAYENNE;

— Бишкек шаарындагы элиталык турак жай комплекстеринде 4 унаа токтотуучу жай;

— Бишкек шаарындагы элиталык турак жай комплексиндеги турак эмес жайлар;

— Бишкек шаарындагы элиталык турак жай комплекстеринен 4 батир;

— Бишкек шаарынын «Браво» коттедж шаарчасында (Орто-Сай айылы) жайгашкан 2 турак жай;

— Бишкек шаарынын «Ордо»VIP шаарчасындагы (Орто-Сай айылы) 2 турак жай;

350